Чаткалда күчү 4,5 баллга жеткен силкинүү катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 19-июнь күнү саат 18:09да очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматында, силкинүүнүн очогу Терек-Сай кыштагынан 15 чакырым, Ала-Бука айылынан 29 чакырым, Кербен айылынан 45 чакырым аралыкта болгон.

Чаткал районунун Терек-Сай, Бузук айылдарында силкинүүнүн күчү 4,5 балл, Ала-Бука районунун Сары-Талаа, Ала-Бука айылдарында жана Аксы районунун Кашка-Суу айылында, Чаткалдын Кызыл-Токой, Айгыр-Жал айылдарында 4 балл, Кербен, Жерге-Тал, Достук, Ак-Коргон, Сумсар айылдарында үч баллды түздү.

Баштапкы маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Май айында очогу Казакстанда болгон жер титирөө Кыргызстанда сезилген бир нече учур катталган.

Быйыл январь-февраль айларында Казакстандын, Кыргызстандын аймактарында жер бир нече жолу силкинген.

23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталып, силкинүүнүн толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да сезилген. (ZKo)

Дагы караңыз

Адал индустрия жөнүндө мыйзам кабыл алынды"Айдосту өлтүрүү үчүн киллер жалдашкан”. Киевде казак журналистине ок тийди "Матраимов-Көлбаевге тиешеси бар 100дөн ашык бажычы иштен алынды"Садыр Жапаров ички паспортторду акысыз алмаштырууга чакырды