Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:47

Адал индустрия жөнүндө мыйзам кабыл алынды


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалат.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 8-майда кабыл алган.

Аталган мыйзамдын максаты адал продукцияны өндүрүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн укуктук негиздерин аныктоо, адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык атаандаштыкка жөндөмдүү, экологиялык таза жана сапаттуу айыл чарба продукциясын, кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясын өндүрүү жана экспорттоо, аларга болгон ишенимди жогорулатуу үчүн базалык шарттарды түзүү болуп саналат.

Бул мыйзам адал индустрияны өнүктүрүү жана адал продукцияга жана аны маркалоого, адал кызматтарды көрсөтүүгө болгон талаптарды аткаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин белгилейт. Ал адал индустрия чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.

Мыйзамдын расмий жарыяланган күндөн тартып иштей баштайт. 6-беренесинин 2-бөлүгү гана алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

24-апрелде Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Абдулазиз Закиров Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Адал индустриясын өнүктүрүү борбору” мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда адал индустриясын өнүктүрүү боюнча кызматташуунун пландары, адал азыкты тастыктоо, адал азыктын жана тейлөө сапатын көзөмөлдөө боюнча биргелешкен механизмдерди иштеп чыгуу жана башка маселелер талкууланган.

Соңку 15-20 жылдан бери Кыргызстандын коомчулугунда адал түшүнүгү кеңири жайылууда. Дүкөндөрдө, тамактануу жайларында "адал" деп аталган азыктарга суроо-талап чоң. Той-топурлар, коомдук иш-чаралар "адал" тартиби менен өтүп келет.

Буга кошумча, "адал айыл чарба", "адал туризм", "адал медицина", "адал дары", "адал косметика", "адал логистика" деген түшүнүктөр да пайда болгон.

2015-жылы “Кыргызстандагы адал индустрияны өнүктүрүү концепциясы” кабыл алынган. 2022-жылы дагы бир концепция жарыяланган. 2021-жылы маркалоо боюнча токтом чыккан. 2023-жылы ноябрь айында өкмөт “Адал туризмди өнүктүрүү концепциясын” кабыл алган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG