Таласта сууга агып кеткени айтылган бала изделип жатат

Талас району. Кыргызстан

Талас районундагы Чоң-Чычкан дарыясына агып кетти делген эки жаштагы баланы издөө иштери уланып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында баланын сууга агып кеткени тууралуу маалымат 18-июнда түшкөн.

Окуя болгон жерге №101 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн төрт куткаруучу тартылган.
19-июнда издөө ишине 52 адам тартылган. Анын 18и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы балдар.

Майдын соңунда алты жана жети жаштагы эки кыз Түп районунун Михайловка айылында Жыргалаң суусуна түшүп кеткен. Алардын сөөгү дээрлик он күндөн кийин табылган. (MKt)

Дагы караңыз

Меккеде аптаптын айынан 500дөн ашуун зыяратчы каза таптыТатарстанда кармалып турган тажик мигранттары жардам сурадыБажы кызматынан Көлбаев менен Матраимовго байланышкан 122 кызматкер иштен алынды