Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы кызматынан кеткени да белгилүү болду. Ал бул кызматка 2023-жылы сентябрь айында бекитилген.
Ага чейин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп иштеген.
Алмамбет Шыкмаматов 2021-жылы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси да болуп эмгектенген. Кийин бул кызматын тапшырып, ошол эле жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоого “Ынтымак” партиясынан талапкер болгон. 2021-жылкы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.
2015-2020-жылдары Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон. 2011-2015-жылдары юстиция министринин кызматын аркалаган. (BTo)
Дагы караңыз
Германия оогандарды Өзбекстан аркылуу мекенине кайтарууну көздөйт Жогорку сот “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Курмашеваны абакта калтырды“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун коопсуздугун Кыргызстан өзү камсыздайт Кыргызстан “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбооруна Кытайдан насыя алатПрокуратура журналисттин сабалышы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарттыРостовдо дрон тийген мунай кампалары өрттөндү