Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:56

Ростовдо дрон тийген мунай кампалары өрттөндү


Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялаган видеодон сүрөт.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялаган видеодон сүрөт.

Орусиянын Ростов облусунун Азов шаарында 18-июнга караган түнү мунай базасында өрт чыкты.

Бул тууралуу "Свобода" радиосу жазды.

Ростов облусунун губернатору Василий Голубев өрткө учкучсуз дрон менен болгон чабуул себеп болгонун билдирди.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, көлөмү 5 миң метр куб май куюлган бак күйүп, өрттү өчүрүүгө 70тен ашык өрт өчүрүүчү, 21 техника жана поезд тартылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Жергиликтүү бийлик өрттүн башка объектилерге жайылып кетүү жана тургундарга коркунучу жок экенин билдирди. Губернатор Василий Голубев учкучсуз учактын чабуулуна кабылган так бутаны атаган эмес.

Учкучсуз учактын чабуулунан чыккан өрттүн кадрларын Astra Телеграм-каналы да жарыялады.

Astra Телеграм-каналынын маалыматында, пилотсуз учактар "Азовпродукт" ЖАК жана "ДонТерминал" ЖЧКсынын мунай терминалдарына чабуул коюшкан. Орусиянын Коргоо министрлиги Ростов облусундагы пилотсуз учактын чабуулуна комментарий бере элек. Киев да Орусияга болгон чабуулдар тууралуу маалымат бербей келет.

Орусия Украинанын жарандык жана энергетикалык инфраструктурасына дээрлик тынымсыз учкучсуз учактар жана ракеталык чабуулдарды жасап келет. Орусиянын аба чабуулдары Украинанын бүтүндөй аймактарында, анын ичинде борбору Киевде ондогон жайкын тургундардын курман болушуна жана ири материалдык чыгымга алып келди. (AiA)

XS
SM
MD
LG