Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:45

Прокуратура журналисттин сабалышы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты


Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөттөр.
Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөттөр.

Жаза аткаруу органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы Махабат Тажибек кызынын тергөө абагында сабалганы айтылган окуя боюнча түшүндүрмө берип, кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын билдирди.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы 18-июнда "Азаттыкка" кабарлагандай, абак жайларындагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөгөн прокуратура журналисттин 5-апрелде тергөө абагында сабалганы айтылган окуя боюнча кызматтык иликтөөнү жыйынтыктаган.

Анда прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Махабат Тажикбек кызына тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан орой мамиле болбогону аныкталганы жазылган.

"5-апрелде айыпталучу Н.К. бир камерадан экинчи камерага которулганда, ошол эле камерада кармалган М.Тажибек кызы башка айыпталуучуларды ТИЗО-1 кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө үндөгөн.Тажибек кызы Махабат кызматкерлерди оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кайнак суу чачам деп коркутуп, айыпталуучу Н.К.нын кол тамырын кесүү жолу менен өзүнө зыян келтирүүгө үндөгөн. Андан соң Тажибек кызы М. ТИЗО-1дин кызматкерлери тарабынан сабалган имиш деген далил катары көрсөтүү үчүн ошол эле камерада кармалган Б.Ш.га эки колунун жумшак ткандарын кысып, денесине сыйрылган жана гематома түрүндө көзгө көрүнгөн денесине залал келтирүүсүн суранган", - деп жазылган түшүндүрмөдө.

Натыйжада прокуратура тергөө абагынын кызматкерлеринин аракеттеринде мыйзам бузуулар аныкталбаганын, ошондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынганын билдирди..

Буга чейин Башкы прокуратура "Temirov Live" жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун директору, төрт айдан бери тергөө абагында отурган Махабат Тажибек кызы сабалды деген арыз боюнча кылмыш иши козгоодон баш тарткан.

6-апрелде "Temirov Live" жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров жубайы Махабат Тажибек кызын жана аны менен тергөө абагында чогуу отургандарды убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери ур-токмокко алганын билдирген.

Жаза аткаруу кызматы бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Учурда төрт журналист – “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат. Калгандары түрдүү себептер менен үй камагына чыгарылган.

Ишти Ленин райондук соту карап жатат.

Ички иштер министрлиги “Айт, Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG