Арменияда оппозиция митингине катышкан 12 киши жоопко тартылды

Ереван. 2024-жылдын 12 июну.

Арменияда оппозициянын соңку акциясы учурунда кармалгандардын арасынан 12 киши жоопко тартылганын бүгүн 17-июнда «Азаттыктын» армян кызматы өлкөнүн Тергөө комитетинин маалыматына таянып жазды. Аларга «жапырт башаламандык уюштурган жана ээнбаштык кылган» деген айып тагылганы, сегиз киши камакка алынганы, калгандары үй камагына чыгарылганы маалымдалды.

12-июнда борбор калаа Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган митингчилер полиция менен кагылышып, кылмыш иши козголгон. Полиция митингчилерге каршы атайын каражат колдонгон себебин алар «бөтөлкө ыргытып, тартип сакчыларынын каскаларын жана желим союлдарын тартып алып, атайын орнотулган тосмодон өтүп кетүүгө аракет кылганы үчүн” деп түшүндүргөн.

Армениянын Саламаттык сактоо министрлиги Ереванда митингчилер жана полиция кагылышканда жабыркаган 98 киши дарыгерге кайрылганын билдирген.

Азыркы тапта Арменияда оппозиция лидери болуп турган, армян апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы Баграт Галстанян өкмөткө каршы акцияны 9-майда баштаган.

Коюлуп жаткан негизги талап – премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасы. Оппозиция аны Азербайжан менен чек арадагы талаштуу төрт айылды азери тарапка эч кандай кепилдик албастан өткөрүп берип койгонун айтууда.

Ал эми 12-июндагы кагылышуу алдында Никол Пашинян парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Армения Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) чыгарын айткан жана ушул эле оюн 13-июнда парламенттин бюджетти талкуулаган жыйынында да кайталаган.

Оппозиция лидери Баграт Галстанян полиция тынч жыйындын катышуучуларына күч колдонгонун «терроризм» деп атаган.

Пашиняндын кетишин талап кылып жаткандар эгер Армения ЖККУдан чыгып, Орусиядан алыстаса, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаралып, Азербайжандын жаңы чабуулдарды баштоо ыктымалдыгы жогорулай турганын айтышкан.

Армениянын өкмөт башчысы Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.

Андан мурдараак Армения Орусия үстөмдүк кылуучу ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялаган жана бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон. (RK)

Дагы караңыз

Израилде ХАМАС чабуулунан кийин түзүлгөн согуштук өкмөт таркадыКыргызстанда гепатиттин жана ВИЧтин таралышы боюнча улуттук изилдөө башталат Украина да, Орусия да дрон чабуулуна кабылганын билдирдиЖайлоого көчкөн малчынын түйшүгү