Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:12

Украина да, Орусия да дрон чабуулуна кабылганын билдирди


Украина. Харьков.
Украина. Харьков.

17-июнга караган түнү жана эртең менен Орусия Украинанын бир нече аймагын аткылаганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Херсон облусунун аскердик администрация башчысы Александр Прокудин Осокоровка кыштагында дрон чабуулунан 50 жаштагы бир киши каза болгонун Телеграмга жазды.

Харьковдо эс алуу жайларынын бири бутага алынганы маалымдалды. Шаар мэри Игорь Терехов жарылуу болгонун, балдардын эс алуу борборлорунун биринин имараты талкаланганын, адамдар арасында жабыркагандар жок экенин билдирди.

Донецк облусунда соңку суткада орус аскерлеринин соккуларынан он жайкын тургун жараат алганын аймактын башчысы Вадим Филашкин маалымдады.

Днепропетров облусунда үйлөр талкаланып, айрым жерлерде электр зымдары жарактан чыкканын аймактын аскердик администрация төрагасы Сергей Лысак кабарлады.

Айрым аймактары дрон чабуулуна кабылганын 17-июнда Орусия да билдирди.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев өткөн түнү Украинанын эки дрону атып түшүрүлгөнүн, жабыркагандар катталбаганын айтты.

Липецк облусунда төрт дрон жок кылынганын аймактын жетекчиси Игорь Артамонов маалымдады.

Жергиликтүү колдонуучулар социалдык түйүндөргө чыгарган видеолордон, сүрөттөрдөн кээ бир жерлерде жарылуу болгонун, өрт чыгып жатканын көрүүгө болот.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери согуш уланууда. Украинага колдоо көрсөтүп келаткан Батыш өлкөлөрү жакында алар берген курал-жарак менен Орусиянын аймагын аткылоого каршылыгы жок экенин жарыялашты. (RK)

XS
SM
MD
LG