Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:04

Израилде ХАМАС чабуулунан кийин түзүлгөн согуштук өкмөт таркады


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

Израилде былтыр октябрдагы окуядан кийин түзүлгөн Согуштук абалдагы өкмөт таркатылганын премьер-министр Биньямин Нетаньяху билдирди. Бул тууралуу бүгүн 17-июнда жергиликтүү Times of Israel басылмасы жазды. The Jerusalem Post кабарлагандай, өкмөт башчы бул жөнүндө 16-июнда коопсуздук маселеси талкууланган отурумда айтты.

«Кабинет Ганц (Кнессет депутаты Бенни Ганц) менен коалициялык келишимдин негизинде анын өтүнүчү боюнча түзүлгөн. Ганц кеткенден кийин кабинеттин зарылчылыгы жок болуп калды», — деди Нетаньяху.

2023-жылдын 7-октябрында Израил ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) чабуулуна кабылгандан кийин, 11-октябрда Израилдин өкмөтүндө согуштук абалдагы кабинет түзүлгөн. Ага үч киши – Нетаньяху өзү, коргоо министри Йоав Галант жана мурдагы коргоо министри, оппозициялык «Махане мамлахти» («Мамлекеттик лагерь») борборчул партиясынын лидери Бени Ганц кирген. Дагы эки киши, алардын бири Израил өкмөтүнүн стратегиялык пландоо министри Рон Дермер, байкоочу макамында иштеп жаткан.

Израил оппозициянын лидери, Нетаньяхуну Газа боюнча «натыйжалуу стратегиясы жок» деп сындап келген Ганц өзгөчө абалдагы өкмөт курамынан чыкканын 9-июнда жарыялап, буга премьер-министр менен Газа секторунун азыркы маселеси жана согуштан кийинки келечеги боюнча пикир келишпестиги себеп экенин айтып чыккан. Ал “Тилекке каршы, Нетаньяху мырза уланып жаткан кризисти актай турган чыныгы жеңишке жетишүүгө тоскоолдук жаратып жатат», — деп билдирген.

Бенни Ганц жана коргоо министри Йоав Галант согуш аяктагандан кийин Газада израилдик аскерлер калбашы керектигин, секторго көзөмөлдү же жаңы жергиликтүү администрация, же эл аралык органдар жүргүзүшү зарыл экенин айтып келишкен.

Ганц анын партиясы да Израил өкмөтүнүн курамынан чыгып жатканын билдирип, Нетаньяхуну быйыл күзүндө жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына былтыркы октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен сегиз айдан ашуун убакыттан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 37 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Мекеме жарыялаган сан күмөн жаратпай турганын БУУ маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG