13-июнда Жогорку Кеңеш административдик-аймактык реформаны жүзөгө ашыруучу мыйзамдын долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Министрлер кабинети 217 айыл аймагы кыскарып, андан бюджет 1,8 млрд сом үнөмдөгөнүн айтууда.
Айрым депутаттар аймактардын чегин аныктоо парламенттин укугу экенин эске салып, мыйзам Жогорку Кеңештин кароосуна кеч киргизилгенин белгилешти.
Ал арада күзүндө жаңы түзүлгөн аймактарда кеңештерге шайлоо өтөрү белгилүү болду.
Жогорку Кеңешке доклад жасоого 13-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди. Аны менен чогуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган өкмөт мүчөлөрү да келишти.
Бул күнү Кызыл-Омполдогу уранды казууга байланыштуу башка мыйзам долбоору да каралды.
Акылбек Жапаровдун айтымында, реформа эбак эле бышып жетилгенине карабай, канча жылдан бери ишке ашпай келаткан.
“Административдик-аймактык реформанын максаты - айылдарды бириктирип, шаарларды кеңейтүү. Бул каржылык жана кадрдык ресурстарды натыйжалуу башкарууга алып келет. Буга чейинки 452 айыл аймактары, муниципалитет болсо, азыр алар 235 болду. 8696 муниципалдык кызматкерден бүгүн 4768 кызматкер калып жатат. Идеалдуу реформа кылуу кыйын, бир топ маселелер дагы да бар, биз бара-бара ишти түздөйбүз.”
Кызматкерлерди кыскартуудан айлык акыга кете турган 4,8 миллиард сом 3 миллиард сомго азайтылып, ортодо 1.8 млрд сом үнөмдөлгөн.
Эгемендик алгандан бери өлкөдө 40 район, 32 шаар, 452 айыл аймагы болуп келген. Ошол эле маалда алардын алтымыш экиси бир гана айылдан турган. Ошол эле маалда 10дон 20га чейин айылды бириктирип, элинин саны 30, 40, 50 миңге жеткен айыл өкмөттөрү да болгон. Калкынын саны, ишинин көлөмү кандай гана болбосун бардык айыл аймактардын кызматкерлеринин айлык акылары бирдей болуп келген.
Элеттеги чиновниктердин санын кыскартууга “Түндүк” тиркемесинин ишке кириши түрткү болгон.
Конституция боюнча аймактардын чек арасын аныктоо Жогорку Кеңештин макулдугу менен жүрүшү керек.
Буга чейин президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Пилоттук негизде делген аймактарды ирилештирүү 2022-жылы Ысык-Көлдүн Түп районунда жана Нарын облусунда ишке ашырылган.
Парламент жыйынында депутат Исхак Масалиев мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна кеч киргизилип жатканын козгоду:
“Конституция боюнча административдик реформа бул Жогорку Кеңештикти. Пилоттук деп Ысык-Көлдө, Нарында өткөргөндөн кийин дароо мыйзам долбоорун алып келсеңер бул жерде эч ким каршы болбойт эле. Силер болсо ишти жасадыңар, жакшы, айыл өкмөттөр жоюлду, кызматтан кетчүлөрү кетти, жаңы кишилер дайындалды, айлык берилип жатат. А ошол эле маалда мыйзам кабыл алынган эмес. Ошондуктан кынтыксыз эмес болуп калды.”
Башка бир депутат Русланбек Жакышов айыл өкмөттөр ирилешкенден кийин бир район эки, үч гана айыл аймактан туруп калган мисалдар бар экенин айтып, райондук деңгээлде дагы реформалар зарыл деген пикирин билдирди.
Ошол эле Жакишовдин “айыл аймактарындагы шайлоолор кандай принцип менен өтөт” деген суроосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындан кийинки жергиликтүү шайлоолор акыркы парламенттик добуш берүүлөргө окшош өтө турганын маалымдады.
“Депутаттар тарабынан жергиликтүү кеңештердин шайлоосу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат. Ал жерде Жогорку Кеңешке шайлоо сыяктуу эле преференциалдык система менен шайлоо сунушталып жатат, башкача айтканда, партияга дагы жана партиянын тизмесиндеги талапкерге дагы добуш берүү каралган.”
Депутаттар мындай система туура деген позицияны айтышты, себеби, тизмеге кирген талапкерге элдин добуш берүүсү партиянын ичиндеги коррупцияны азайтып, талапкердин партия лидерине көз карандылыгын жоёт.
Аймактык реформанын жыйынтыгы менен Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Балта жана Токтогул шаарлары жака белиндеги айыл өкмөттөрдүн эсебинен ирилештирилген.
Өткөн аптада Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде депутат Марлен Маматалиевдин демилгеси менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын санын өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбоору каралды. Ага ылайык аймактары кеңейген шаарлардын депутаттарынын санын көбөймөкчү.
Буга чейин пилоттук негизде президенттин жарлыгы менен Бишкек шаарына Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунун бир катар айылдары кошулуп, борбордун депутаттарынын саны 200дөн ашып кеткен болчу.
Быйыл 13-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитети Бишкек менен Ош шаарынын мэрлери Айбек Жунушалиев менен Бакыт Жетигеновдун катышуусу менен «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулаган болчу.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев доклад менен чыгып, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен мэрлердин укуктары кеңейип жатканын билдирген болчу:
“Долбоорго ылайык мэрге муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү, жалпы колдонуудагы шаардык транспорттордун жол кире тарифтерин бекитүү маселелерин киргизүү сунушталат. Мыйзам долбоору менен Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери компетенциясына аткаруу бийлигинин шаардагы бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан алуу укуктарын кошумча берүү каралууда.”
13-февралдагы жыйын маалында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов мэрдин колуна эбегейсиз бийлик топтолуп, анын эл алдындагы эле эмес, шаардык кеңештин депутаттары алдындагы отчёттулугу да жокко чыгып жатканын айткан.
“Бишкек шаары мамлекеттин ичиндеги кичине мамлекет. 22 млрд сом каражат бар. Ошондон улам бюджетти жергиликтүү кеңештин караганы туура деген жыйынтыкка келебиз. Эмне үчүн дегенде, мэрдин беш орун басары, отузга жакын ар кандай муниципалдык ишканалар бар. Ошол эле маалда 4 райондо 1.5 млн эл жашайт. Ошол себептен эмнеси болсо дагы мэр жергиликтүү кеңеш менен иш алып барса туура болот.”
Ошого карабай Бишкектин быйылкы бюджетин мэр Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин макулдугусуз эле өзү жалгыз бекитти.
Ошентип депутаттар 13-июнда Жогорку Кеңеш административдик-аймактык реформаны жүзөгө ашыруучу мыйзамдын долбоорун 78 добуш менен биринчи окууда кабыл алды.
Ага ылайык үч мыйзамга өзгөртүү киргизилүүдө, алар - "Аймактардын жана шаарлардын деңгээлиндеги администрациялык-аймактык бирдиктер жөнүндө", "Администрациялык-аймактык түзүлүш жөнүндө"мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Администрациялык-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдар.
Депутаттар ирилешкен айыл аймактарына кирген айылдар ортосундагы талаштардын бири ал ирилешкен аймактын аталышына байланыштуу болуп жатканын айтышты. Төрага Нурланбек Шакиев жана депутат Мирлан Самыйкожо аталыштарга мындан ары адам аттарын коюуну токтотуу туура болот деген пикирлери менен бөлүштү.