Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Шаардык кеңештерге шайлоо, солгун үгүт


11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учуру.
11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учуру.

Кыргызстандын үч чоң шаарында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт иштери солгун жүрүүдө. Атаандаштыкта өтпөгөн шайлоодо татыктуулар тандалабы жана партиялардын дарамети кандай?

Солгун болгон үгүт

Адатта, добуш берүү күнү жакындаган бир жума ичинде партиялар сактаган көзүрлөрүн алып чыгып, үгүт компаниясы кайнап, кала берсе социалдык тармактарда кээ бир талапкерлерге кара пиар күчөйт. Бирок, бул сапар шаарларда бир нече партиянын бирин-серин гана көрнөк-жарнактары илинип, интернетте деле үгүт материалдары анча көп эмес. Ошондой эле, теле-дебаттар деле уюштурулган жок.

Бишкек шаарынын тургуну Темирлан Сатыбеков программалар жана талапкерлер мындай турсун, партиялардын аттарын жакшы билбейт.

"Өткөн жылы күздө бир шайлоо, андан көп өтпөй жазда экинчи шайлоо өттү, эми кайра дагы болгону жатат. Шайлоодон шайлоого жашап жатабыз. Азыркы шайлоого эч ким деле көңүл бурган жок. Эч ким барбай койсо жакшы болмок. Себеби, эл кымбатчылык менен алышып жатат. Шайлоо өтөбү, жокпу, жеке менин ишим жок", - деп кол шилтейт шаар тургуну.

Буга чейин Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин шайлоосу кызуу атаандаштыкта өтүп, муну партиялардын чоң жарыштарга даярдыгы катары кабыл алып келишкен. Шайлоого байкоо салып жаткан саясатчы Адил Турдукулов мындай көрүнүштүн бир нече себептерине токтолду.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

“Көп акча коротуп жеңишке жетсе деле шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып калышы мүмкүн экенин сезишти. Ошондуктан тобокелчиликке барган жок. Экинчиден, өткөн шайлоодо көбү акчасын короткон. Бул жолу каражат, адам ресурстары түгөндү. Үчүнчүдөн, коронавирус шартындагы үгүт болуп жатпайбы. Негизи, жергиликтүү кеңеш чоң шайлоого даярдык. Чоң шаарларда жеңишке жеткендерге парламентке жол ачылат. Азыр толук бийликчил партиянын келишине мүмкүнчүлүк түзүлдү”, - деди Турдукулов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматованын пикиринде, үгүт компаниясынын активдүү эмес жүрүшү ириде шайлоочулардын партия, талапкерлер жөнүндө маалымат алуусун, тандоо укугун чектеп жатат.

“Менин баамымда 30% жетпеген шайлоочулар келет. Маалымдоо жагынан өтө начар. Анткени, партияларга дагы көп киши чогултпагыла деген талап бар. Толук кандуу үгүт жүргөн жок. Мындай шартта добуш сатып алуу сыяктуу көмүскө үгүт болуп кетүү коркунучу бар. Бишкек, Токмок, Ош сыяктуу чоң шаарларда элдин өкүлү болгон бийлик аз гана добуш менен тандалып барып, элдин ишеними төмөн орган болуп калат. Баягы эле "Ак Жолдун" (ред: партия) “шапкесин” КСДПга алмаштыргандар, азыр бийликчил партия менен баратышат”.

Мыйзам бузуулар жана кат-кат убадалар

Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) маалыматына ылайык, үч шаарда одоно мыйзам бузуу каттала элек. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов жалпы мыйзам бузуулар боюнча толук маалымат чогулуп жатканын билдирди.

“Азыр пандемияга байланыштуу бардыгы этият болуп жатат. Шартка ылайык, үгүт иштерин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу гана жүргүзүп жатышат”, - деди Бекматов.

Ал ортодо тынч өтүп жаткан үгүт компаниясынын жүрүшүндө
"Келечек-Будущее" деп аталган партиянын эки аял алууну мыйзамдаштырууга үндөгөн билдирүүсү коомчулуктун талкуусуна жеп таштады. “Реформа” партиясы Кыргызстандын мыйзамдарында тыюу салынган көп аял алууну үгүттөө менен "Келечек-Будущее" партиясы элди кылмышка үндөп жатат деп, чара көрүүгө арыз берди. “Реформанын” лидери Клара Сооронкулова бул чакырыкты кескин сындады.

"Кыргызстанда көп аял алуу кылмыш, мыйзам жол бербейт. Бул партиянын талапкери ачыктан-ачык элди кылмышка үгүттөп жатат. Көп аял алуу Конституцияга туура келбейт".

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 4-июлда "Келечек-Будущее" партиясынын эки аял алууну мыйзамдаштырууга үндөгөн видео чакырыкта "шайлоо мыйзамдары жана үгүт иштеринин эрежеси бузулган жок" деп тапты.

Партия лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешов “Реформа” партиясынын дооматына минтип жооп берди:

Чыңгыз Макешов
Чыңгыз Макешов

“Назира Абдыкаимова шайлоочуларга болгон кайрылуусунда биздин коомчулукта орун алган социалдык көйгөйдү көтөрүп жатат. Бул Конституцияда корголгон”, - деди.

Анткен менен шаардык кеңештин депутаттарында жалпы республикалык мыйзамдар, чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктары жок. Жергиликтүү кеңеш негизинен шаардагы инфратүзүмгө байланыштуу чечимдерди кабыл алат.

Инфраструктура демекчи, жарышка түшкөн партиялардын көпчүлүгү калаада он жылдап чечилбей келген коомдук транспорт, жашылдандыруу, экологиялык маселер боюнча кат-кат убадасын аяшкан жок. Маселен, бир партия Бишкекте миңдеген видео байкоо орнотууну убада берип жатат. Кыргыз бийлиги 2-3 жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоорун жергиликтүү кеңештин деңгээлинде эмес, атайын чоң программа менен ишке ашырууга аракет кылууда. Саясат талдоочу Руслан Акматбек акыркы шайлоодогу байкоолору менен бөлүштү.

“Шаардын тургундары эмнени каалайт, кайсы маселе орчундуу болуп жатат? Ушу боюнча эч ким иликтөө жүргүзгөн эмес. Буга партиялар дагы акча короткусу келбейт. Анан өзгөчө убада берип, элге чуу жараткан билдирүү болушу керек деген ыкмага өтүп алдык. Анын үстүнө калк “муну жасайм” деген убадага ишенбей калды. Андыктан шаардык кеңештин укугуна киреби же жокпу ага карабай эле убада берип көнүп калышты. Маселен, бир партиянын эки аялдуулук боюнча тасмасы жөнүндө элдин баары ачык айтып чыкканына таң калып жатат. Бирок, шаардык кеңеш менен эки аялдуулуктун эмне байланышы бар?".

2021-жылы 11-апрелде 28 шаардык кеңешке өткөн шайлоодо үч шаардагы добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Ага добуш сатып алуу, админстративдик ресурс сыяктуу көптөгөн мыйзам бузуулар жөнүндө түшкөн арыз себеп болгон. Эми бир жумадан кийин, 11-июлда өтүүчү шайлоодо Бишкек шаарында 18, Ош шаарында тогуз, Токмок шаарында алты партиянын тагдыры чечилет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG