Белгород: аткылоодо көп кабаттуу үй кыйрап, беш адам мерт болду

Губернатордун айтымында уранды алдынан төрт адамдын сөөгү табылган, дагы бир адам ооруканада көз жумду.

Орусиянын Белгород облусундагы Шебекино шаарындагы аткылоодо көп кабаттуу үйдүн бир бөлүгү кыйрап, кеминде беш адам набыт болуп, дагы алты киши жараат алды. Бул тууралуу аталган облустун губернатору Вячеслав Гладков кабарлады. Анын ырасташынча, беш кабаттуу үйдүн урандысынын алдынан төрт адамдын сөөгү табылган, дагы бир адам ооруканада көз жумду.

"Ал аялга ооруканада операция жасалды. Жүрөгү ошол маалдарда бир нече жолу токтоп калып жатты. Алган жараатынан улам ал жашай алмак эмес",-деп жазды Гладков.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө-куткаруу иштери аяктаганын кабарлады.

Ушул айдын башында дагы Шебекинодогу аткылоодо алты жайкын тургун жараат алганы кабарланган.

Корочанский районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарылбай калган снарядды текшерип жаткан учурда ал жарылып кетип, райондук администрация башчысынын орун басары Игорь Нечипоренко каза болгон. Райондун жетекчиси, эки кыштактын башчысы жеңил жараат алган.

Орусиянын Украина менен чектеш аймактары, айрыкча Белгород облусу акыркы айларда дээрлик күн сайын аткылоого жана учкучсуз учактардын чабуулдарына кабылып келет. Орус тарап бул үчүн Украинаны айыптайт. Киев адатта комментарий бербейт.

Дагы караңыз

G7 : Орусия Украинага 486 млрд доллар кенемте төлөшү керекУкраинадагы согушта мерт болгон 56 452 орусиялыктын тек-жайы такталдыШвейцариядагы Тынчтык саммитине 90дон ашык өлкөнүн өкүлү келетКыргызстанда быйыл кызамык жуккан 11 миңге чукул учур катталдыБыйыл чет өлкөлөрдөгү абактардан 32 кыргыз жараны которулуп келди