"Чоң жети" (G7) уюмуна мүчө өлкөлөр Италиядагы саммиттин жыйынтыгы менен билдирүү жасап, Орусия Украинага кеминде 486 миллиард доллар кенемте төлөп бериши керектигин жарыялашты. Анда бул сумма Дүйнөлүк банктын февраль айындагы эсеп-кысабына негизделгени айтылат.
Буга чейин бул уюмга мүчө мамлекеттер өздөрүндөгү Орусиянын активдери Москва Киевге кенемте төлөп бермейинче камакта болорун билдирген.
"Биз Орусиянын эл аралык укукту, анын ичинде БУУнун уставын жана эл аралык тартиптин өзөгүн түзгөн негизги принциптерди аёсуз бузуп жатканын кескин айыптайбыз", - деп жазылган билдирүүдө.
Бул саммитте уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Украинага камактагы орусиялык активдердин эсебинен 50 миллиард доллар насыя берүүнү макулдашкан. Анда Британия, Канада Киевге өз алдынча жаңы каржылык жана аскердик жардам көрсөтүлөрүн жарыялаган.
Италиянын Апулия аймагындагы үч күндүк саммит 13-июнда башталган.
"Чоң жетиге" Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.
Өткөн айда Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Орусиянын камакка алынган активдерин Киевге жардам үчүн пайдалануу планын бекиткен. Анда бул активдерден жылына 5 миллиард евродой каражат түшүп турары маалымдалган.
Москва согуштан кийин айрым чет өлкөлөрдөгү активдеринин камакка алынышын кескин айыптаган.
Дагы караңыз
Украинадагы согушта мерт болгон 56 452 орусиялыктын тек-жайы такталдыШвейцариядагы Тынчтык саммитине 90дон ашык өлкөнүн өкүлү келетКыргызстанда быйыл кызамык жуккан 11 миңге чукул учур катталдыБыйыл чет өлкөлөрдөгү абактардан 32 кыргыз жараны которулуп келди