Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 56 452 орусиялык жаран набыт болгонун чогуу аныктап чыкты.
Мерт болгондордун арасында мобилизацияга тартылгандар жана абактан согушка жөнөтүлгөндөр да көп.
Журналисттер согушта ажал тапкандардын тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап келет. Иликтөөчүлөр реалдуу сан кеминде эки эсеге көп экенин белгилешет.
Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Ошондой эле согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылат.
Дагы караңыз
Кыргызстанда быйыл кызамык жуккан 11 миңге чукул учур катталдыБыйыл чет өлкөлөрдөгү абактардан 32 кыргыз жараны которулуп келди Швейцариядагы Тынчтык саммитине 90дон ашык өлкөнүн өкүлү келет