Молдокматов Кемпир-Абад иши боюнча эч ким ырайым сурабаганын айтты

Жеңиш Молдокматов. 14-июнь, 2024-жыл. Бишкектин Биринчи май райондук соту.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналып 2022-жылдын октябрь айынан бери абакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматов эркиндикке чыккандан кийин сот акыйкат чечим чыгарганын айтты. Ал "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, бул иш боюнча камалгандардын арасында ырайым сурагандар болбогонун кошумчалады.

"Түрмөдө отурганыма 870 күн болуптур. Ушул убакта камалган күндөн баштап, акыйкаттыкты, чындыкты жеткирген журналисттерге ыраазычылык билдирем. Бүгүн чындыгында акыйкат чечим болду. Баарыбыз акталдык, кылмышыбыз жок. Жабык сот болсо да сот чыныгы чечим чыгарды. Айыпталгандардан эч ким ырайым сураган жок, болгону иштин жагдайы боюнча кандай мыйзам бузуулар болгонун айтып берди. Бардыгы тергөө ишинен баштап, соттун жүрүшү боюнча системдүү түрдө көрсөтүп беришти. Ушул да сотко таасир этти деп ойлойм".

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков 14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттердин баарын актады.

Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты.

Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши жакында эле өзүнчө бөлүнгөн.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Прокуратура соттун чечимине карата жогорку инстанцияга арызданабы, жокпу азырынча белгисиз.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өттү. Өкүм да жабык сотто окулду. (КЕ)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында отурган сегиз киши сот залынан бошотулдуАз камсыз болгон жана жетим балдардын жайкы эс алуусуна бөлүнгөн каражат көбөйтүлдүСот Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын баарын актадыУкраина Орусиянын чабуулдары уланганын билдирди