Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында отурган сегиз киши сот залынан бошотулду


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Калгандары үй-камагында.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Калгандары үй-камагында.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналып, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган сегиз киши сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыкты.

Алар: Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов. Калган айыпталуучулар буга чейин ар кандай жагдайда үй камагына чыккан.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков 14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы активисттердин баарын актады.

Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты.

Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши жакында эле өзүнчө бөлүнгөн.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Прокуратура соттун чечимине карата жогорку инстанцияга арызданабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өттү. Өкүм да жабык сотто окулду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG