Орусияда кармалган америкалык журналист Гершковичтин иши сотко өттү

Эван Гершкович.

Орусияда америкалык журналист Эван Гершковичке тагылган тыңчылык боюнча акыркы айып тастыкталып, иш Свердлов облустук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы 13-июнда билдирди.

"Тергөөчүлөр Wall Street Journal гезитинин кабарчысы америкалык Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) суроосу боюнча 2023-жылдын март айында аскер техникасын өндүрүүчү жана оңдоочу "Уралвагонзавод" өндүрүш ишканасынын ишмердүүлүгүнө байланышкан купуя маалыматты чогултуп жүргөнүн аныктап, документалдуу түрдө тастыкташты", - деп айтылды Орусиянын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө.

Мекеме Гершкович "мыйзамсыз иш-аракетин кылдат жашырынып жасаган" деп белгиледи.

АКШ жараны, 32 жаштагы Гершкович 2023-жылдын 29-мартында Урал аймагындагы Екатеринбург шаарында кармалган.

Wall Street Journal басылмасынын ээси Алмар Латур жана башкы редактору Эмма Такер 13-июндагы билдирүүсүндө Орусиянын соңку чечимин “жалган соттук териштирүү”, “абдан көңүл калтыруучу, дагы эле ачуу келтирүүчү” кадам деп аташты.

Гершкович жаңы кармалганда Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматы (ФСБ) журналист тыңчылыкка айыпталып жатканын, ал «америкалык тараптын тапшырмасы менен Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине караштуу ишканалардын биринин ишмердүүлүгү жөнүндө мамлекеттик сыр деп аныкталган маалыматтарды чогултуп жүргөнүн» билдирген.

Гершкович өзү жана The Wall Street Journal басылмасы мындай айыптоону четке кагып келишет. АКШ администрациясы журналистке тагылган айыпты «күлкү келерлик» деп атаса, өлкө президенти Жо Байден анын кармалышын «таптакыр мыйзамга туура келбеген» деп баалаган.

Журналист Москвада "Лефортово" тергөө абагында кармалууда. Ал 30-июнга чейин Екатеринбургга которулары кабарланууда.

Орусияда тыңчылыкка айыпталып Гершковичтен тышкары дагы бир америкалык жаран, мурдагы деңиз аскери Пол Уилан камакта отурат. Ал да орус тарап таккан айыпты саясий мүнөзгө ээ деп, четке кагып келет.

АКШнын дагы бир жараны, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, орус да жарандыгы бар Алсу Курмашева былтыртан бери Казан шаарында камакта кармалууда. Кошмо Штаттар жана радио ал журналисттик ишмердүүлүгү үчүн куугунтукталып жатканын белгилөөдө. (RK)

Дагы караңыз

AI уюму бийликти “кемпирабадчыларды” бошотууга чакырдыАба ырайы: Тоо этектеринде жаан жаайтБаткенде эки жашар кызды сабоого шектүү тергөө абагына камалдыФутбол: "Ак шумкарга" кандай атаандаш туш болот?