Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:20

Аба ырайы: Тоо этектеринде жаан жаайт


15-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 30…32° ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG