Кошмо Штаттар кыргызстандык "Транзит Сервис Бишкек" жана "Нова проект" ишканаларына алардын Орусия менен активдүү кызматташуусу үчүн санкция салды. Бул тууралуу Американын Каржы министрлигинин маалымат кызматы 12-июнда билдирди. Мекеменин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, "Нова проект" компаниясын орусиялык ишкер Дмитрием Алиханов аэрокосмос өндүрүшүндө колдонула турган тетиктерди алуу үчүн ортомчу ишкана катары колдонуп келген. "Транзит Сервис Бишкек" санкциялык тизмеге эмне үчүн кирип калганы такталган эмес.
Санкциялардын жаңы айлампасына казакстандык бир компания дагы туш болду. "КБР-Технологии" ишканасы орусиялык "Остек" корпорациясына, "Фабцентр" фирмасына ширетүүчү жабдыктарды, жарым өткөргүчтөрдү чыгара турган техниканы жеткирип турган.
Жалпысынан бул ирет АКШ орусиялык жана башка Москвага санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген 300дөй кишини жана ишкананы "кара тизмеге" киргизди. Алардын катарында Борбор Азиянын эки өлкөсүнөн тышкары Кытай, Түркия, Болгария, Сербия, Бириккен Араб Эмираттары, Беларус жана Түштүк Африкалык компаниялар бар.
2023-жылы июль айында АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына ушундай эле жүйө менен санкция салган. Ага чейин “Тро, Я” аттуу компания да санкциялык тизмеге киргизилген.
Былтыр 12-декабрда Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Бишкекте катталган «Вайтмэнн Хандельн Альянс» (Weitmann Handeln Allianz LLC) аттуу жоопкерчилиги чектелген коомду "кара тизмеге" кошкон.
Ага чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды сактоого даяр экенин айткан.
Ал эми президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.
“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.
Адатта “кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.
Дагы караңыз
“Росатомдун” адиси Миң-Куштагы кырсык боюнча комментарий бердиОш шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы кармалдыПарламент аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алды