Беларуста укук коргоочу Леонид Судаленконун соту башталды

Леонид Судаленко.

Беларуста белгилүү укук коргоочу Леонид Судаленконун соту башталды. Гомель шаардык сотунда бүгүн 12-июнда укук коргоочуга экстремисттик ишмердүүлүккө катышуу тууралуу тагылган айып боюнча иш сыртынан карала баштаганын «Азаттыктын» белорус кызматы жазды.

Судаленко мекенинде "коомдук тартипти бузган" ишмердүүлүккө катышканы үчүн деген негизде соттолуп, 2,5 жылдан ашык убакыт абакта отургандан кийин 2023-жылдын июль айында өлкөдөн качып кеткен. Айып Судаленко 2020-жылдын жай айларында авторитардык башкаруучу Александр Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы жапырт нааразылык акцияларына катышканы үчүн коюлган. 2022-жылдын октябрында Беларус бийлиги аны экстремисттердин тизмесине кошкон.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

Дагы караңыз

ККМге каршы митинг. Соода-сатыкты ачык-айкын жүргүзсө болобу? Орусияда камактагы оппозиционер саясатчы Яшин айырбаштоо сунушунан баш тартарын айттыЖелим баштыктан арылуу аракети үмүттү актайбы?Кыргызстанда жөлөк пул алган балдардын саны 45 миңге азайды