Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

Кыргызстанда жөлөк пул алган балдардын саны 45 миңге азайды


"Дордой" базарында иштеген балдар. Иллюстрациялык сүрөт.
"Дордой" базарында иштеген балдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы Кыргызстанда 44,9 миң бала "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуудан чыкты. Буга алардын ата-энесинин жакырчылыктан кутулганы негиз болгон.

"Өткөн жылдын май айында 16 жашка чейинки 323,7 миң балага же 97,5 миң муктаж үй-бүлөгө ар айлык "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу берилген. Быйыл май айында аталган жөлөк пул 278,8 миң балага же 81,5 миң үй-бүлөгө гана төлөндү", - деп жазылган маалыматта.

Жалпысынан 2024-жылдын июнуна карата Кыргызстанда 44 900 бала же 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгондор категориясынан чыгарылган.

Кыргыз өкмөтү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында "Социалдык келишим" долбоорун үч жыл мурда баштаган. Анын шарты боюнча жөлөк пул алып жаткан жаран андан баш тартып, өз алдынча иш баштаса, өкмөттөн 100 миң сомдук бир жолку жардам алат. Бул үчүн арыз берген жарандар бизнес планын жана долбоорун социалдык мекемеге алып келип, келишим түзүшү керек.

Мындай жол менен 2022-жылы 2800 адам, 2023-жылы 10 миң адам мамлекеттен көмөк алган. 2024-жылы өкмөт бул максатта 2 млрд сом бөлдү, бул 20 миң адамга жетет. Дүйнөлүк банктын жардамы 3 миң үй-бүлөгө беррилди. Ошондо жалпы 23 киши быйыл бизнеси үчүн 100 миң сомдон стартка ээ болмокчу.

2023-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) дүйнөдөгү кирешеси төмөн жана азык-түлүгү тартыш 44 өлкөнүн тизмесин жарыялаган. Тизмеге Кыргызстан дагы кирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG