Бишкекте Курман айт күнү коомдук транспортто жүрүү акысыз болот

Бишкектеги автобуста. Иллюстрациялык сүрөт.

16-июнь - Курман айт күнү саат 5:30дан 11:00ге чейинки убакта коомдук транспорттун жол киреси бекер болот. Бул убакытта бардык жүргүнчүлөр автобус, троллейбус жана кичи автобустарда акысыз жүрө алат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады.

Калаа башчылыгы мындай саамалык жол тыгындарын азайтуу жана мечитке намазга баруучулар тоскоолдуксуз жетип алуусуна шарт түзүү максатында болуп жатканын белгиледи.

Быйыл Курман айт 16-июнга белгиленген. Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы коопсуздуктан улам Айт намазы мурдагыдай шаар, облустардын борбордук аянттарында эмес, мечиттерде гана окуларын эскерткен.

Орозо айт намазы да 10-апрелде мечиттерде окулган.

Учурда Бишкектеги автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом. Менчик автобус жана маршруткаларда 20 сом.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШда кармалган теги тажикстандык сегиз киши террорчулукка шектелүүдөЖК Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген документти колдодуОрусия Киевге абадан жапырт чабуул жасадыБерлин конференциясы: Зеленский миллиарддаган евролук жардамга үмүттөнөрүн айттыКыргызстанда журналисттерге ыйгарылчу “Мейкин” сыйлыгы уюштурулду