АКШда кармалган теги тажикстандык сегиз киши террорчулукка шектелүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда кармалган теги Тажикстандан сегиз киши өзүн «Ислам мамлекети» деп жарыялап алган террордук тобу менен байланышка шектелип жатат. Алардын алтоондо Орусиянын жарандыгы бар экенин New York Post жазды.

"Соңку бир нече күндө Иммиграция кызматынын агенттери ФБРдин террорчулукка каршы күрөшүү тобу менен тыгыз кызматташтыкта иштеп, жаран эмес бир нече кишини кармашты. Кармалгандар өлкөдөн чыгаруу жараянын күтүп камакта отурушат", — деп айтылды АКШнын Ички коопсуздук министрлиги менен ФБРдин 11-июндагы биргелешкен билдирүүсүндө.

Алар АКШнын иммиграция мыйзамдарын бузууга шектелип кармалганы, баары түштүк чек ара аркылуу киргени, кеминде экөөнүн АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөнүнө бир жылдан ашканы, «Ислам мамлекети» тобуна байланыш боюнча айып аларга расмий түрдө тагыла электиги маалымдалды.

NBC жазгандай, ФБР аталган топко бир нече айдан бери байкоо жүргүзүп келген. Тыңшоо учурунда алардын бири бомба тууралуу айтып жатканы аныкталган. NYPнын маалымат булагы билдиргендей, кеп 2013-жылдагы Бостон марафонундагы жарылуудай же «андан да кооптуу» террордук акт даярдалып жатканы тууралуу болушу ыктымал.

Быйыл апрель айында ФБР башчысы Крис Рэй Москвада «Крокус Ситидеги» кол салуудан кийин ошондой эле «координацияланган чабуул» АКШда да жасалышы ыктымал экенин эскерткен.

2013-жылдын апрелинде Бостон марафону учурундагы чабуул үч кишинин өмүрүн алган, жүздөгөн кишини жарадар кылган.

"Крокус Ситиде" кеминде 145 адамдын өмүрү кыйылды. Бул чабуулга шектелип кармалгандардын көбү теги тажикстандыктар. (RK)

Дагы караңыз

“Тоо тараптан уюган чаң каптап жатат”. Бийликтин курулуш долбоорунун экологиялык кесепети ЖК Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген документти колдодуОрусия Киевге абадан жапырт чабуул жасадыБерлин конференциясы: Зеленский миллиарддаган евролук жардамга үмүттөнөрүн айтты