Зомбулуктан коргоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди

Жогорку Кеңеш.

"Үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктан сактоо тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун 11-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети карап, 2-окууда жактырды. Мыйзам долбоору парламенттин жалпы отурумунун кароосуна жиберилди.

"Үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктан сактоо тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору майдын аягында жалпы отурумдун кароосуна чыгарылып, талаш-тартыш жараткан.

Анда айрым депутаттар кыргыздын каада-салтына туура келбеген кошумчалар киргизилген деген жүйө менен колдоодон баш тартып, мыйзам долбоору комитетке кайтарылган.

Соңку учурда өлкөдө аялдарга жана балдарга жасалган үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, беш айда үй-бүлөдөгү зомбулук фактысына байланыштуу 5153 учур катталды. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилди. 500дөй киши коомдук жумуштарга тартылып, 350сү камакка алынган.

Былтыр бир жылда 13104 зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 32,6% көп.(ZKo)

Дагы караңыз

ЖК комитети уран казууга жол ачкан долбоорду дароо эки окууда колдодуПольшанын Беларус менен чек арасындагы буфердик зона 13-июнда иштей баштайтПарламент комитети электрондук тамекини тыюу боюнча мыйзам долбоорун жактырдыВена форуму: “Камбар-Ата-1” боюнча донордук комитет түзүлдү Арменияда оппозиция акциясы уланууда