Сауд Аравиясы каттоодон өтпөгөн 300 миңден ашуун зыяратчыны Меккеден чыгарды

Меккеге зырятка келгендердин коопсуздугун камсыздаган полиция кызматкери

Сауд Аравиясынын бийлиги 8-июнда билдиргендей, коопсуздук күчтөрү ажылыктын алдында каттоодон өтпөгөн жүз миңдеген зыяратчыны ыйык жерлерден чыгарды. 14-июнда ажылык ибадаты башталат. Былтыр Меккеге 1,8 миллион киши зыяратка барган. Сауд Арабиясынын басма сөз агенттиги Ал-Харам мечити турган шаардан чыгарылгандардын 154 миңдейи туристтик виза менен келген чет өлкөлүктөр экенин билдирди. Өлкөнүн бийлиги 171 587 киши кармалганын, алар Сауд Арабиясында жашаганы менен Меккенин тургандары эместигин жана ажылыкка уруксат албаганын белгиледи.

Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу 31-майдын таңында Ош аэропортунан учуп кетти.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

2023-жылы кыргызстандыктар үчүн 6110 квота берилип, зыяраттын акысы 3900 доллар болгон.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Бул учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан мусулмандар Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барышат. Быйыл ажылык 14-19-июнь күндөрү аткарылат.

Дагы караңыз

Газа: Сегиз ай эңсеткен эркиндик "АКШ-Мексика чек арасындагы жаңы чектөө кыргызстандыктарга да тиешелүү"Украина Орусияны аткылоого уруксат алды. Согуш нугу кандай өзгөрөт?312 чакырымы Кыргызстандан өтөт. Темир жол келишими, үч президенттин батасы