Улуттук банк базардан 40,7 млн доллар сатып алды

Улуттук банк июнь айында экинчи ирет интервенция жасап, 7-июнь күнү валюта базарынан 40 млн 700 миң доллар сатып алды. Ушуну менен жыл башынан бери башкы банктын доллар капчыгы 202 млн 450 миң долларга көбөйдү.

Жаңы жылдан бери Улуттук банк базардан тогузунчу ирет доллар сатып алууда.

Былтыр башкы банк валюта базарынан 655,7 млн доллар сатып алган.

Расмий курска ылайык, 8-июнга карата Кыргызстанда 1 АКШ доллары 87 сом 23 тыйын турат.(ZKo)

Дагы караңыз

Орусия Украинанын экс-премьер-министрине издөө жарыяладыХерсон облусунда ракета менен аткылоодон 22 адам мүрт кеткени кабарландыКемпир-Абад иши боюнча айыпталган Нурлан Асанбеков өзүн өрттөөгө аракет кылдыЕврокомиссия Украина менен Молдованын шаркетке кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүгө даяр экенин билдирдиМосква: Полиция чет элдиктерди текшерүүдө, ондогон мигрант кармалды