Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Еврокомиссия Украина менен Молдованын шаркетке кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Молдованын президенти Майя Санду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Молдованын президенти Майя Санду.

Еврокомиссия Украина менен Молдованын шаркетке кошулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону Еврокеңешке 7-июнда сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин өкүлү Ана Пизонеро билдирди.

"Биз Украина менен Молдова бардык шарттарды аткарды деген оюбузду мүчө мамлекеттерге жеткирдик. Эми чечим алардын колунда", – деди Пизонеро.

Маалыматка караганда, Киев төрт шарттын баарын аткарган. Сүйлөшүүлөрдү баштоо алдында Украинага антикоррупциялык реформаларды өткөрүп, улуттук азчылыктардын тилин коргоо иштерин жүргүзүп, аткаминерлердин активдерин декларациялоо эрежесин киргизип, саясий кызыкчылыктарды алдыга жылдырууну чектөө шарттары коюлган.

Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль Еврокомиссиянын билдирүүсүн кубаттап, ыраазылыгын билдирди.

"Эми биз европалык өнөктөштөрдөн кийинки кадамды – Евробиримдикке мүчө болуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү ушул айда баштоону күтөбүз", – деди ал.

Маалыматка караганда, Молдова коюлган үч шарттын баарын аткарган.

Киев менен Кишинев Орусия Украинага согуш ачкандан көп өтпөй 2022-жылы шаркетке кошулууга арыз тапшырышкан. Ошол эле жылы 23-июнда Украина менен Молдовага Евробиримдикке кирүүгө талапкер макамы берилген.

Былтыр декабрда Украина жана Молдова менен сүйлөшүүлөрдү баштаса болот деген чечим кабыл алынган. Ага шаркетке мүчө мамлекеттердин ичинен Венгрия гана каршы чыккан.

Сүйлөшүүлөр башталса да бул жараян узакка созулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG