Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Орусия Украинанын экс-премьер-министрине издөө жарыялады


Юлия Тимошенко.
Юлия Тимошенко.

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Украинанын мурдагы премьер-министри, Жогорку Раданын депутаты Юлия Тимошенкого издөө жарыялады.

Бул тууралуу РБК жана Sota маалымат агенттиктери жазышты.

Ага ылайык, Тимошенкого кылмыш иши үчүн издөө жарыяланганы тууралуу маалымат Орусия ИИМнин базасына киргизилген.

Орусиянын ИИМи буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен мурдагы президент Петро Порошенкого да издөө жарыялаган. Кийинчерээк алардын аттары мекеменин маалымат базасынан алынган.

2023-жылы декабрда Орусиянын бийлиги Украинанын башкы чалгын кызматынын башчысы Кирилл Будановго да издөө жарыялаган.

XS
SM
MD
LG