Украин башкы прокурору: орусиялык аскерлер 60тан көп согуш туткунун өлтүргөн

Орус аскерлеринин колунан ажал тапканы айтылган украиналык согуш туткуну Александр Мациевский.

Украинанын башкы прокурору Андрей Костиндин билдиргени боюнча, Москва 2022-жылдын февралында кол салгандан бери орусиялык аскерлер кеминде 61 украиналык согуш туткунун өлтүрдү.

Бул тууралуу «Свобода» радиосу жазды. Прокурор украин бийлиги маалыматты бышыктаганын, 27 кылмыш иши тергелип жатканын, бир өкүм чыкканын, бир нечеси сотко өткөнүн айтты.

Маалыматка караганда, Орусия туткунга алган 2200 украиналык жоокер жабырлануучу деп табылды. 500дөн көбү аларга сурак маалында күч колдонулганын, анын ичинде электр тогу менен зомбулук көргөзүшкөнүн айтып беришкен. Костиндин сөздөрүнө ылайык, украиналык туткундар адам чыдагыс шартта кармалууда, көбү кыйноолорго, уруп-сабоого дуушар болууда. Украинче сүйлөгөндөрү үчүн медициналык жардам көргөзүлбөгөн учурлар катталган.

Башкы прокурор ошондой эле украин бийлиги Орусиянын 25 регионунда украин туткундары зордук-зомбулукка такай кабылган кеминде 25 жайды аныктаганын кошумчалады.

Бир нече күн мурда орусиялык Телеграм-каналдар Харьков облусунда украиналык туткундар кордолгон видеону жарыялашкан. Орусиялыктар украин аскерлерин көздөрүн таңып алып баратышканын, СССРдин гиминин күчкө салып ырдатышканын, сабашканын, өлтүрөбүз деп коркутушканын көрүүгө болот.

Украин парламентинин адам укуктары боюнча өкүлү Дмитрий Лубинец буга байланыштуу эл аралык органдарга кайрылды.

Колго түшкөн же туткундалган украин аскерлеринин көзүн тазалоо тууралуу маалыматтар акыркы мезгилде көп эле чыгып жүрөт.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бир нече айда ошондой ондон ашуун окуя ырасталган деп эсептейт.

Муну менен катар Украина туткунга алган орусиялык аскерлерге жасалган мыйзамсыз мамиле жана аларды өлтүрүү ыктымалдыгы тууралуу кабарланып келет. Киев андай маалыматтар иликтенерин билдиргени менен алар эмне менен аяктаганы кабарланган эмес.

БУУ эки тарап тең Женева конвенциясын бузган учурлар катталганын баяндаган.

Дагы караңыз

Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги "хакердик чабуул" окуясына түшүндүрмө бердиВильнюс соту тажик оппозиционерин бошотуу чечимин чыгардыМаксат Асаналиев башкы прокурор болуп дайындалды