Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:43

Вильнюс соту тажик оппозиционерин бошотуу чечимин чыгарды


Сулаймон Давлатов
Сулаймон Давлатов

Вильнюс шаарынын соту тажикстандык оппозициячыл активист Сулаймон Давлатовду бошотуу чечимин чыгарды. Буга чейин Литванын Миграция департаменти аны дагы үч ай камакта калтырууну сураган.

Тажикстан жаранын быйыл 5-апрелде кармашкан. Литванын Мамлекеттик коопсуздук департаменти анын "террордук уюмдардын мүчөлөрү жана жактоочулары менен байланыштары бар" болгондуктан улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деп билдирген.

"Бомдод" сайты жазгандай, Давлатовго Палестинаны колдоо акциясына катышкан деп кине тагышкан.

Ал өзү "Озоди" радиосуна жолдогон видео кайрылуусунда Литва бийлигинин айыптоолорун негизсиз деп эсептей турганын айтты.

"10 жылдан ашуун убакыттан бери мен Эмомали Рахмондун авторитардык режимине каршы күрөшүп келатам. Бийлик элдин укуктарын жана эркиндиктерин бузууда. Менин так жана ачык позициям бар", - деп айтты активист.

40 жаштагы Давлатов 2015-жылы Тажикстандан качып кеткен. Жакындан тааныгандар анын Вильнюста дүкөнү жана наабайканасы бар дешет.

Литванын бийлиги активисттин 2016-жылы алган качкын макамын жокко чыгарды. Давлатов ал чечимди өзгөртүү үчүн аракет көрөрүн айтты.

Ал "Топ 24" оппозициялык коомдук-саясий кыймылынын мүчөсү болгон.

Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери бийликте турган, оппозиция шайлоого катыша албаган Тажикистанда бул кыймыл экстремисттик деп таанылган.

Буга чейин тажик оппозициясынын бозгундагы лидерлеринин бири Шарофиддин Гадоев Литва бийлигинин Давлатовдун радикал исламчылар менен байланыштары тууралуу күмөн саноолорун четке каккан.

Активисттин жубайы Литва президентине кайрылып, күйөөсүн бошотууну өтүнгөн жана экстрадиция болсо, ал мекенинде өлүм жазасына өкүм кылынышы же узак мөөнөткө кесилиши мүмкүн экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG