Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:10

Максат Асаналиев башкы прокурор болуп дайындалды


Максат Асаналиев.
Максат Асаналиев.

Президент Садыр Жапаров Максат Асаналиевди башкы прокурор кылып дайындоо боюнча жарлыкка 5-июнда кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтына жарыяланган маалыматта дагы бир жарлык менен мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев кызматтан алынганы жазылган.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырган.

46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору болуп иштеген.

Аны башкы прокурор кызматына президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы отурумунда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасын колдоду. Ал башкы прокурор кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.

54 жаштагы Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG