Грузияда ЛГБТны чектеген мыйзам сунушталууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Грузияда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы ЛГБТ укуктарын чектеген мыйзам долбоорун жалпы парламенттин кароосуна киргизип жатканын 4-июнда «Азаттыктын» грузин кызматы жазды. Парламент төрагасы Шалва Папуашвилинин айтымында, депутаттардын талкуусуна «Үй-бүлө баалуулуктары жана жашы жете электерди коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору жана жалпысынан 18 мыйзамга ЛГБТны чектей турган өзгөртүүлөр сунуш кылынат.

Партиянын демилгеси колдоо тапса жынысты өзгөртүүгө, бир жыныстагы үй-бүлөлөрдүн бала асыроосуна, мындай аракеттерге үгүттөөгө, чыгармалар, программалар аркылуу ушундай контентти жайылтууга тыюу салынат, мамлекеттик органдарда берилүүчү документке адамдын жынысы тууралуу генетикасына ылайык аял же эркек деп гана жазылат.

17-майды жыл сайын «Үй-бүлөнүн ыйыктыгы» мамлекеттик майрамы катары белгилөө да сунушталууда. Дүйнө жүзүндө 17-май Гомофобияга жана трансфобияга каршы күрөш күнү деп белгиленет.

2018-жылы Грузияда бир жыныстагы үй-бүлө курууга расмий түрдө уруксат берилген.

Папуашвили жаңы демилге парламентте колдоо табарын, себеби бийликтеги партиянын добушу жетиштүү экенин айтты.

Грузияда быйыл октябрда парламенттик шайлоо өтөт. 2023-жылы өлкө Европа Биримдигине талапкер деген расмий макамга ээ болгон.

3-июнда Грузияда "Орусиядан көчүрүлгөн" деп сынга кабылган жана АКШ, Европа Биримдиги, эл аралык укук коргоо уюмдары Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган "чет элдик өкүл" мыйзамына кол коюлду. (RK)

Дагы караңыз

Чехия орус мунайынан көз карандылыгы жоюларын билдирдиОшто Матраимов менен Келдибековдун жерин мэрияга кайтаруу аракети көрүлүп жататСирияда Израилдин соккусунан Иран офицери мерт кеттиКремлдин сынчысы Яшиндин айып изоляторундагы мөөнөтү узартылды