Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:33

Кремлдин сынчысы Яшиндин айып изоляторундагы мөөнөтү узартылды


Илья Яшин. Архивдик сүрөт.
Илья Яшин. Архивдик сүрөт.

Орусияда, Смоленск облусунда камакта отурган оппозиционер Илья Яшиндин айып изоляторундагы мөөнөтү узартылганын бүгүн, 4-июнда саясатчынын Телеграм каналы билдирди. Айып изоляторундагы 15 суткалык камак мөөнөтү аяктагандыктан ал кайра өзү отурган камерага которулушу керек болчу, бирок дагы 12 сутка кошулганы маалымдалды.

15 суткага Яшинди керебетинен үч мүнөт "кеч турду" деп камашкан. Саясатчы өзү колониянын администрациясы ага ата-энеси менен жолугууга мүмкүнчүлүк бербей койгонун айткан. Ал эми 12 сутка душтан чыккандан кийин майкасын которуп алыш үчүн сырт кийимин бир нече мүнөткө чечип койгону үчүн берилди. Түрмөнүн администрациясы ал абактын кийим формасы боюнча талапты бузган деген жүйөсүн келтирүүдө.

30-майда колонияга Федералдык жаза аткаруу кызматынын атайын күчтөрү барганы, беткап жана соот кийим кийген күч кызматкерлери Яшинди камерадан чыгарып, чечинтип, кылдат тинтип чыгышканы, аны Москвадан барган дин кызматкери менен көрүштүрбөй коюшканы да кабарланды.

Илья Яшин орус аскерлеринин Украинанын Буча шаарындагы жай тургундарга каршы жасаган кылмыштары тууралуу айткандан кийин 8,5 жылга эркинен ажыратылган, азыр ал шарты катаал колонияда камакта отурат. Ага “фейк маалымат тараткан” деген айып тагылган. Былтыр ноябрда Смоленскидеги колонияга которулган. Ал жактан майда "эреже бузуулар" үчүн буга чейин да абактагы жазалоочу жайга бир нече жолу отургузулган, шарты каттал камерага которулган. (RK)

XS
SM
MD
LG