Украина уюштуруп жаткан тынчтык конференциясына АКШдан вице-президент Камала Харрис жана президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан катышат. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүндө маалымдалды.
“Харрис менен Салливан Украинанын көз каранды эместиги жана аймактык бүтүндүгү үчүн Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүндө АКШнын колдоосун билдиришет”, - деп айтылды билдирүүдө.
Конференция 15-июнда Швейцариянын Люцерн кантонунда өтөт. АКШ президенти Жо Байден ага катышпай турганы белгилүү болгон.
«Тынчтык саммити» деп уюштурулуп жаткан жолугушууга өлкөлөрдүн, эл аралык саясий жана гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү, жалпысынан 160 делегация чакырылганын, азыркы тапта 80 мамлекет макулдугун билдиргенин, алардын көбү президенттер жана өкмөт башчылар экенин Швейцариянын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Кытай да саммитке катышпай турганын билдирген. Бул өлкөнүн тышкы саясий мекемеси Украина менен катар Орусияны да чакыруу керек деп эсептерин, бирок мындай шарты аткарылбай турганын белгилеген.
Украин президенти Владимир Зеленский жыйынга Байденди да, Кытай лидери Си Цзинпинди да чакырып: “Өтүнүч, соккулар ортосундагы тыныгууну эмес, тынчтыкты, чыныгы тынчтыкты орнотуудагы лидерликти көрсөтүңүздөр" деп айткан.
Москва саммитке чакырылган жок. Орусияны кийинки этапта ортомчулар аркылуу катыштыруу пландалып жатканы маалымдалган. Орус бийлиги чакыруу болсо да барбасын, аскерлерин Украинадан чыгарууну талкуулабай турганын билдирген. (RK)
Дагы караңыз
Сузакта кырсыктаган балдар ооруканадан чыктыБаткенде сабакка келбей эле окуусун уланткан студенттер аныкталды Болгария жана Румыния кыргызстандыктарга шенген визасын бере баштадыКемпир-Абад иши: айыпталгандар сот жүрүшүнө нааразы болушууда