Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:38

Сузакта кырсыктаган балдар ооруканадан чыкты


Окуя тартылган видеодон алынган сүрөт.
Окуя тартылган видеодон алынган сүрөт.

Сузакта Манас айтуу иш-чарасында кырсыктап ооруканада жаткан балдардын акыркысы 28-майда үйүнө чыкты. Сакайып чыккан балдарды дарыгерлер көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абаддагы координатору Каарманбек Байдавлетов маалымдады.

"Кырсыкка кабылып ооруканада жаткандардын баары үйүнө чыгып келишти. Акыркысы Бишкектен 27-майда келди. Балдар учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми башка врачтар керек болуп калса, биз үйлөрүнө алып барып көрсөтүп турабыз", - деди Байдавлетов

Окуя үстүбүздөгү жылдын 2-майында Сузак районунун Жерге-Тал айылында “Урааным Манас” аттуу маданий иш-чара учурунда болгон. Дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине балдарды коюп кеткен. Иш-чарага катышып жаткан 3 миң окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, бир тобу ооруканага түшкөн. Айрымдары атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, операция жасалган.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козгогон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, автоунаанын 48 жаштагы айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Автоунаа Жерге-Тал айылынын тургунуна таандык. Ал кароо-сынакка катышып жаткан балдарга балмуздак таркатуу үчүн барган. Машинени өчүрбөй токтотуп, түшүп кеткен мезгилде автоунаа кокусунан жылып кеткенин айтып берген. Айдоочу камакка алынып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган.

Окуяны мекемелер аралык комиссия иликтеп, аймактагы милиция жетекчилери кызматтан алынып, айрым кызматкерлер тартиптик жазага тартылды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы да жумуштан убактылуу четтетилди.

Катуу жабыркаган беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон, башка жараат алган балдарга 50 миң сомдон бөлүнгөн.(TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG