Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:40

Болгария жана Румыния кыргызстандыктарга шенген визасын бере баштады


Шенген визасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Шенген визасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 4-июнда маалымдагандай, Евробиримдикке мүчө Болгария менен Румыния 1-апрелден тарта үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына Шенген визасын берип жатат.

Маалыматка ылайык, бул өлкөлөр үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына Шенген аймагынын калган өлкөлөрүндө 180 күндүк мөөнөт ичинде 90 күнгө чейин жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү С тибиндеги (кыска мөөнөттүү) Шенген визаларын бере баштады.

ТИМ ошондой эле 11-июндан тарта Шенген өлкөлөрүнүн визасы үчүн консулдук жыйымдар жогорулай турганын кабарлады. Ага ылайык, виза үчүн 90 евро алынат, ал эми 6 жаштан 12 жашка чейинки балдардын консулдук жыйымы 45 евро турат.

Еврокомиссия шенген визаларынын баасын ар бир үч жылда инфляцияга жана шаркеттеги мамлекеттик кызматкерлердин маянасына жараша караштырып турат.

Шенген– бул Европа ичиндеги өз ара чек ара көзөмөлдү алып салган 27 мамлекеттин аймагы. Алардын тургундары жана башка өлкөлөрдөн келген мыйзамдуу саякатчылар бул аймак ичинде мамлекеттердин чек араларына карабастан эркин жүрө алат.

Еврокомиссиянын Миграция жана ички иштер боюнча башкы башкармалыгы жакында жарыялаган баяндамага ылайык, 2023-жылы шенген визасын алуу үчүн Кыргызстандан 27 миң киши документ тапшырган. Алардын көбү Германиянын элчилигине кайрылган.

2022-жылга салыштырмалуу шенген визасын берүү четке кагылган учурлар 1,5% төмөндөгөн.

Европа Биримдигинин расмий статистикасына ылайык, 2022-жылы ар бир бешинчи кыргызстандыктын арызы четке кагылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG