5-июнда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24
Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 28…30° жылуу болот.
Дагы караңыз
Баткенде сабакка келбей эле окуусун уланткан студенттер аныкталды Болгария жана Румыния кыргызстандыктарга шенген визасын бере баштадыКемпир-Абад иши: айыпталгандар сот жүрүшүнө нааразы болушуудаЭдил Байсалов чет жактан 300 миңдей мигрант кайтканын айттыУКМК 2010-жылы Ошто теракт жасоого шектүү адам кармалганын билдирди