Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:14

УКМК 2010-жылы Ошто теракт жасоого шектүү адам кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2010-жылы Июнь окуясынан кийин Ошто террордук актыларды жасоого аракет кылган деп издөөдө жүргөн 40 жаштагы адам кармалганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, ал террористтик жана сепаратисттик багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Кармалган адам шериктери менен 2010-жылы Июнь окуясынан кийин Ошто террордук актыларды жасоо үчүн куралдарды жана жардыргыч заттарды сатып алышканы такталган.

2011-жылы курал-жарак жана жардыргыч заттар көмүлгөн жай табылгандан кийин, эки адам кармалып сот жообуна тартылган. Кылмыштуу топтун дагы төрт мүчөсү, анын ичинен жакында гана кармалган адам качып кеткен.

Кийинчерээк алардын арасынан эки киши Сирияга экстремисттик-террористтик уюмдар менен согуштук аракеттерге катышуу үчүн кетип, аскердик кагылышууда жок кылынганы тууралуу маалымат түшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG