Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар суракка алына баштады

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар. Булардын ичинен Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев эркиндикке чыкты.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткан саясатчы жана активисттер суракка алына баштады. Бул тууралуу ушул иш боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун абактан жазган каты Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Катта ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков прокурорлорго айыптоо актыларын толук окутпай туруп эле шектүүлөрдү суракка алып баштаганы, бул мыйзам бузуу экени жазылган. 29-майдагы соттук отурумда биринчилерден болуп жарандык активист Илгиз Шаменов (Илгиз Сарылдык уулу) суралган.

Шектүүлөрдү суракка алуу башталганын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы да ырастады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда үй шартында 138 менчик бала бакча иштеп жатат Төрт айда баңгизатты сатуу максатында жашырып иштеген 17 адам кармалды Алагөзов Зулушев кызматтан кеткенин ырастап, президент башкы прокурордун ордуна талапкерлерди карап жатканын айттыМушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага жолдомо алдыБашкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кеткени кабарланууда