Кыргызстанда үй шартында 138 менчик бала бакча иштеп жатат

Үй шартында иштеген бала бакчалардын бири.

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда үй шартында 138 менчик бала бакча иштеп жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында, жаңы конуштарда үй тибиндеги 43 бала бакча иштеп жатат.

Ош шаарында жана Ош облусунда 18, Баткенде 12, Нарын менен Таласта сегизден, Чүй облусунда 24, Ысык-Көлдө 12 жана Жалал-Абад облусунда 13 үй шартындагы бала бакча мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүдө.

Кыргызстанда, айрыкча борбор калаа Бишкекте жана ири шаарларда бала бакча жетишсиздиги курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Мамлекет жыл сайын жаңы бакчаларды ачууга аракет кылууда, бирок алар маселени толук чече элек. Мектепке чейинки курактагы ар бир төрт баланын биринде гана бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгү бар экени буга чейин айтылган. (BTo)

Дагы караңыз

Төрт айда баңгизатты сатуу максатында жашырып иштеген 17 адам кармалды Алагөзов Зулушев кызматтан кеткенин ырастап, президент башкы прокурордун ордуна талапкерлерди карап жатканын айттыМушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага жолдомо алдыБашкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кеткени кабарлануудаАКШда ок атышуудан бир адам каза болуп, кеминде 24 киши жаракат алды