Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бөлүнгөн каражаттарды кымырып алган аткаминерлер кармалды

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюну. 2-октябрь, 2022-ж. Изник, Түркия.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Э.У.Т., аталган дирекциянын башкы эсепчиси К.Р.К. жана Дене тарбия жана спорт департаментинин каржы бөлүмүнүн башчысы А.Р.Д. өзгөчө ири суммадагы акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Тергөө маалында аталган жооптуу кызмат адамдары тиешелүү федерацияларды көзөмөлдөгөн усулчу жана машыктыруучулар менен алдын ала макулдашып алып, 2022-жылы Түркия мамлекетинде өткөрүлгөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып келген спортчулардын күнүмдүк тамак ашына, байге фондуна жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү үчүн мамлекеттен бөлүнгөн өзгөчө ири суммадагы акча каражаттарын кымырып алышканы такталган. УКМК каражаттын суммасын атаган жок.

Федерациялардын катарында Көк бөрү, Кыргыз улуттук классикалык күрөш, Алыш бел боо күрөш, Салбуурун, Кулатуу, Ат оюндары жана башка оюндардын түрлөрү боюнча уюмдар маалымдалды.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында ыкчам тергөө амалдары улантылууда.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында өткөн. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышты. Кыргызстандык спортчулар спорттун 14 түрүнөн катышып, 58 медалга ээ болушкан. Анын ичинде 16 алтын, 17 күмүш жанан 25 коло медаль.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ага чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган. 2024-жылдын 8-14-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. (ErN)

Дагы караңыз

Харьковго жасалган ракеталык чабуулдан дагы беш киши каза болдуАКШ жана Германия Украинага Орусия аймагына сокку урууга уруксат бериштиОрусия “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Курмашеванын абак мөөнөтүн дагы узарттыОрусия Нормандиядагы аскердик операциянын 80 жылдык иш-чарасына чакырылбайтОш шаарынын бюджетин аткарууда дээрлик 1 млрд сомдук каржылык бузуу аныкталды