Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Орусия “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Курмашеванын абак мөөнөтүн дагы узартты


Алсу Курмашева сот залында.
Алсу Курмашева сот залында.

Орусияда сот жети айдан ашуун убакыттан бери камакта отурган журналист, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашеванын камак мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Бүгүн 31-майда Орусиянын курамындагы Татарстандын борбору Казан шаарынын Совет райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, аны 5-августка чейин абакта кармоо чечимин жарыялады.

Жактоочу Курмашеванын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Бирок бул жолу да сот адвокаттын мындай өтүнүчүн четке какты.

Бүгүнкү сот отурумуна, "Idel.Реалии" жазгандай, Австралиянын жана Чехиянын элчиликтеринин өкүлдөрү да катышты. Тергөөчүнүн талабы менен отурум жабык өттү. Дипломатиялык миссия кызматкерлерин жана прессаны залга судья чечимин аныктоо үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кеткенде гана киргизишти.

Чечим жарыяланар алдында Алсу Курмашева ага балдар жөнөткөн сүрөттөрдү журналисттерге көрсөттү.

“Ата-энелер балдары тарткан сүрөттөрүн мага өз алдынча жөнөтүштү. Мен бул адамдарды тааныбайм. Мына бул Санкт-Петербургдагы үч жашар кыз тарткан, ал эми бул америкалык бала тарткан сүрөт экен. Ата-энеси аларга эркиндик, бакыт, кубаныч дегенди кандай элестетерин тартууну суранышкан. Ушунчалык сонун тартылган сүрөттөр. Чөптү, дарактарды мен быйылкы жазда ушинтип сүрөттөн гана көрүп жатам, андыктан, албетте, мен үчүн баа жеткис”, - деди ал.

SotaVision басылмасы жазгандай, Алсу Курмашева өзүн дагы эле начар сезип жатканын, диагнозун эске алганда ден соолугу жакшырып кетиши күмөндүгүн, операцияга муктаж экенинн айтып берди.

Жакындарынын үнүн акыркы жолу 2023-жылдын октябрында укканын айткан журналист ошондон бери байланышууга уруксат бербей жатышканын билдирди.

Курмашева 2023-жылдын октябрынан бери камакта отурат. Аны "чет элдик агент" катары каттоого алуу керектигин бийликке билдирген эмес деп айыптап жатышат. 2023-жылы 11-декабрда "Нет войне. 40 историй россиян, выступающих против вторжения в Украину" деген китеп үчүн орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан деген негизде дагы бир иш козголгону маалым болгон. Андан мурдараак, 11-октябрда Казан соту Курмашеваны "экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес" деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айып салган.

"Мемориал" укук коргоо долбоору Курмашеваны саясий туткун деп жарыялаган.

"Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму Курмашева адам чыдагыс жана басынтуучу шартта кармалып турганын белгилеп, орус бийлигин аны тез арада бошотууга чакырган.

АКШнын жана Орусиянын жараны, Чехиянын борбору Прагада жашаган Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барган. Июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.

Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG