Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Орусия Нормандиядагы аскердик операциянын 80 жылдык иш-чарасына чакырылбайт


"Нептун" операциясын эскерүү 2019-жыл.
"Нептун" операциясын эскерүү 2019-жыл.

Орусия Экинчи дүйнөлүк согуш маалында союздук аскерлер Нормандияга жайгашкан окуянын 80 жылдыгына карата июнь айында уюштурула турган мемориалдык иш-чарага чакырылбайт. Мындай чечим орус бийлигинин Украинага көрсөтүп жаткан агрессиясына байланыштуу кабыл алынганын Франция бийлиги 30-майда билдирди.

Орусия президенти Владимир Путин Францияга юбилейлик иш-чарага чакырылбай турганын, бирок бул өлкөнүн согуш учурундагы курмандыктарынын урматына кээ бир орусиялык өкүлдөр катышса болорун уюштуруучулар апрель айында маалымдашкан. Бирок айрым союздаш өлкөлөр Москвадан өкүл катышарына тынчсыздануусун билдиргенден кийин Париж чечимин өзгөрткөнү белгилүү болду.

Келерки аптанын бейшембисинде өтө турган эскерүү иш-чарасына ондогон өлкөнүн башчылары, анын арасында АКШнын жана Украинанын президенттери Жо Байден жана Владимир Зеленский катышат.

Париж Орусия катышпай турганын, украин президенти анын өлкөсүнүн Орусияга каршы жүргүзүп жаткан «адилет күрөшү» үчүн катышарын билдирди.

«Орусия чакырылган жок. 2022-жылы агрессиялык согуш ачып, соңку апталарда чабуулдарын күчөтүп жатканын эске алганда анын катышуусуна эч кандай негиз жок», - деп айтылды француз өкмөтүнүн билдирүүсүндө.

1944-жылдын 6-июнунда АКШнын, Улуу Британиянын, Франциянын, Австралиянын жана Канаданын, жалпысынан 14 өлкөнүн 150 миңден ашуун аскери деңиз жана аба жолу менен Франциянын Нормандия аймагына барып жайгашкан. Бул операция акыры Батыш Европаны фашисттик Германиянын оккупациясынан бошотууга шарт түзгөн, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Европада Батыш фронтун ачкан жана согуштагы бурулушка алып келген эң ири аскердик өнөктүк болгон. Бул күн D-Day деген аталыш менен белгилүү. Бул "Нептун" деп аталган, согуш тарыхындагы ири операция дээрлик 66 миң жоокердин өмүрүн алган, дагы 18 миңи жараат алган. (RK)

XS
SM
MD
LG