Харьковго жасалган ракеталык чабуулдан дагы беш киши каза болду

Украина. Харьков. Архивдик сүрөт.

Украинанын Харьков аймагы 31-майга караган түнү да Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылып, кеминде беш кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу облустук аскердик администрация башчысы Олег Синегубов билдирди жана издөө-куткаруу иштери уланып жатканын айтты.

Бир ракета Харьков шаарындагы беш кабаттуу үйлөрдүн бирине тийип талкалаганы буга чейин кабарланган. Дагы бир ракета «Тез жардам» автомашинасына жана анан башка бир нече машинага тийгени маалымдалды.

Жалпысынан өткөн түнү Орусия Харьковго Белгород облусунун аймагынан С-300/С-400 зениттик ракеталарынан бешти, Киевге «Искандер-К» канаттуу ракетасын учурганы, Ейск аймагынан Киев, Запорожье жана Днепропетров облустарына учурулган төрт «Шахед» дрону атып түшүрүлгөнүн Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.

ДТЭК энергетикалык компаниясынын маалыматына караганда, эртең менен Киевде трансформатордук подстанция талкаланды.

Украинага 2022-жылдын 24-февралында толук масштабдуу согуш ачкан Орусия соңку кезде көбүрөөк Харьков облусун бутага алууда.

22-майда өлкө президенти Владимир Зеленский Орусиянын бомбаларын «орус террорунун жана оккупанттардын басып кирүүсүнүн негизги куралы» деп атап, Украинага аскерлерин жана шаар-кыштактарын коргоого жөндөмдүү система, тактика зарылдыгын белгилеген.(RK)

Дагы караңыз

АКШ жана Германия Украинага Орусия аймагына сокку урууга уруксат бериштиОрусия “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Курмашеванын абак мөөнөтүн дагы узарттыОрусия Нормандиядагы аскердик операциянын 80 жылдык иш-чарасына чакырылбайтГермания Украинага 500 миллион евролук аскердик жардам жөнөтөт