Муниципалдык инспекция таштандыларды чыгаруу эрежелерин бузгандарга 1 млн сом айып пул салды

Дүкөндөрдүн алдына чогулуп калган таштандылар. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери тарткан сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык инспекциясы таштандыларды чыгаруу эрежелерин жана көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга соңку бир суткада 85 протокол түзүп, 1 049 000 сом айып пул салды. Бул тууралуу мэриянын сайтында кабарланды.

Рейддин жүрүшүндө 255 чарба субъектилери, коомдук транспорттун аялдамалары, иштеп жаткан мончолор текшерилип, жарандардын кайрылуулары каралды.

Ленин районунда 323 500 сомго 26 протокол, Биринчи май районунда 298 500 сомго 24 протокол, Октябрь районунда 260 000 сомго 18 протокол жана Свердлов районунда 167 000 сомго 17 протокол түзүлгөн.

Бишкек шаарында Муниципалдык инспекция быйыл 14-февралда түзүлгөн. Ал калаада абанын сапатын, тазалыгын, транспорттордун экологияга тийгизген таасирин, ошондой эле жарандар тарабынан тазалыкты сактоо маселелерин көзөмөлдөө укуктарына ээ. Аталган инспекцияга 11 электромобиль бөлүнүп, кызматкерлерге атайын форма берилген. (ErN)

Дагы караңыз

Үч округ боюнча парламент депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктадыАКШ: Трамп документтерди фальсификациялоо иши боюнча күнөөлүү деп табылдыСловения өкмөтү Палестинанын эгемендигин тааный турганын жарыя кылдыАкылбек Жапаров курулушу токтоп турган мектептердин 80% бүткөрүлгөнүн айтты Өзбекстанда эки миң жыл мурдагы шаардын орду табылдыКазакстанда сел агызып кеткен эки кишинин сөөгү эки айдан бери табылбай жатат Муртазалиев БШКнын чечимине каршы сотко даттанды