УКМК Ат-Башыда "Йакын инкардын" мүчөлөрү кармалганын маалымдады

Йакын-Инкарчылардын үйүнөн алынган адабияттар. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Нарын облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) менен чогуу Ат-Башы районунда “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын тогуз мүчөсү жашаган жерлерде тинтүү иштерин жүргүздү.

Жыйынтыгында “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымына тиешелүү көптөгөн экстремисттик мүнөздөгү китептер, дептерлер жана журналдар, ошондой эле электрондук ноутбуктар, флешкалар жана телефондор табылды. Алынган материалдар боюнча соттук экспертизалар дайындалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын 9 мүчөсү кармалып, Нарын ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМКнын маалымат кызматы уюмдун 3 мүчөсү аталган экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартканын кошумчалады.

“Йакын инкар” диний агымы – “Таблиги жамаат” уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн “пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз” деп эсептешет. Бул диний агым Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган.

Мындан тышкары сот тарабынан 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салынган. Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшул-Махди”, “Ансарул-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (ZKo)

Дагы караңыз

"Өсөр элдин бийлиги билимдүүлөргө таянат"Үч медиа ири долбоорлор жөнүндө иликтөө жарыялады. Президенттин администрациясы ага жооп бердиБишкекте ысык суу берүү 1-июндан тарта жанданатАба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайтЗомбулуктан коргоо тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо талаш-тартыш менен коштолдуБУУ Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйыны учурунда Израил кайрадан Рафахка сокку урду