Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:27

Зомбулуктан коргоо тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо талаш-тартыш менен коштолду


Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири.
Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири.

"Үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктан сактоо" тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда депутаттар арасында кайчы пикир жаралды. Аталган мыйзам долбоору 29-майда парламенттин жалпы отурумунда экинчи окууда каралды.

Айрым депутаттар кыргыздын каада-салтына туура келбеген кошумчалар киргизилген деген жүйө менен мыйзам долбоорун колдоодон баш тартышты.

Депутат Мирлан Самыйкожо мыйзам долбоорундагы "үй-бүлөлүк зомбулук кылган адам 30 күнгө чейин үйүнөн чыгып кетиши керек" деген жобону сынга алып, бул кыргыздын нарк-насилине туура келбейт деп айтты.

"Бул жерде кыргыздын менталитети кайда калды? Биз кыргызбыз да. Эгерде үйдө келиниң менен балаң уруша кетсе, келиниң арыз жазып койсо, уулуң 30 күн сыртта жүрөбү? Балаңды кубалап жиберип, келиниң кайсы бети менен кайын ата, кайын энеси менен чогуу жашайт? Баланын укугу, каржысы деп атып, эртеңки күну балдарыбызды тарбиялай албай калабыз. "Жаман топко кошулба, аны кылба, муну кылба" дегенибиз үчүн балдарыбыз бизди сотко бере турган, көчүрүлүп келген мыйзамдарды токтотолу. Эркек адам аялга зордук-зомбулук кылбайт. Биз кыргызбыз. Мыйзамдар болсун, бирок кыргыздыгыбызды да сактайлы".

Спикер Нурланбек Шакиев кесиптешин колдоду, Ал кыргыздын "жазылбаган мыйзамдан жогору адеп-ахлактары бар" деген пикирин айтты.

Мыйзам долбоорун депутат Мирлан Самыйкожонун сунушу менен комитетке кайтаруу добушка коюлганы депутаттардын сынына кабыл алды.

Депутат Дастан Бекешев буга каршылыгын билдирип, регламент боюнча кат жазылышы керектигин, анда себеби көрсөтүлүүгө тийиштигин белгиледи. Депутат бүгүнкү көрүнүштү "кыргызда аялды сабай берсе болот, бул жакшы эле адат" дегендей кабыл алганын айтып сындады. Спикер кат буга чейин эле "Элдик" депутаттык тобуна берилгенин билдирди.

Депутаттар Исхак Масалиев жана Дастан Жумабеков фракциянын чечими парламент кароосуна коюлган материалдардын арасында жоктугун белгилешти. Экс-спикер үй-бүлөлүк зомбулук Кыргызстанда күчөп жатканын айтып, мыйзамдын зарылчылыгын айтты. Депутат Надира Нарматова мыйзам долбоорун "эркектерге каршы мыйзам" деген жүйө менен гана артка кайтарылды деп сындады.

Соңку учурда өлкөдө аялдарга жана балдарга жасалган үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, беш айда үй-бүлөдөгү зомбулук фактысына байланыштуу 5153 учур катталды. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилди. 500дөй киши коомдук жумуштарга тартылып, 350сү камакка алынган.

Былтыр бир жылда 13104 зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 32,6% көп. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG