Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

БУУ Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйыны учурунда Израил кайрадан Рафахка сокку урду


Газа сектору.
Газа сектору.

Израил 29-майда да Газанын Рафах шаарына чабуулдарын улантканын AFP агенттиги билдирди. Израил армиясы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши Газадагы соңку абалга байланыштуу чукул жыйынга чогулуп жатканына, эл аралык сын жана айыптоо күчөгөнүнө карабастан соккуларын улантканы белгиленди.

“Жай тургундар арасындагы жоготууларга байланыштуу тынчсыздануу күчөгөнүнө карабастан Израил багытын өзгөрткөн жок, ок атышууну токтотууга багытталган эл аралык аракеттер туңгуюкка кептелип турат”, - деп айтылды агенттиктин маалыматында.

АКШ президенти Жо Байден Израилди Рафахта кеңири операция баштабоого үндөгөн, анын администрациясы 28-майда Израил «кызыл четкен» өтө элек деп эсептей турганын билдирди.

«Ал жакта болуп жаткандын баары зээн кейитүүдө. Муну токтотуу зарыл. АКШ Изарилдин адамдарды барымтада кармап, аларды тирүү калкан катары кармап жаткан ХАМАСка каршы аракетин колдой турганын эстен чыгарбашыбыз керек», - деди АКШнын Коргоо министрлигинин маалымат катчысынын орун басары Сабрина Сингх.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Рафахтагы качкындар лагерине урулган, ондогон палестиндин өмүрүн алган соңку ири соккуну «кайгылуу ката» деп атаган. Бирок ал «бардык максаттар ишке ашырылмайынча» согушту уланта берерин убада кылган.

27-майга караган түнү, Газанын ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук топ деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, Израил армиясынын соккусунан Рафахта кеминде 45 кишинин өмүрү кыйылды, жүздөгөн киши жараат алды.

Газадагы атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып келе жаткан Катар Рафахка жасалган бул чабуул ансыз да ХАМАС израилдик аскерлердин тез арада Газадан чыгып кетишин талап кылып, Израил ал талапты ачыктан-ачык четке кагып жаткан шартта туңгуюкка кептелип турган диалогду татаалдатышы ыктымал экенин эскерткен.

БУУнун Гаагадагы Эл аралык соту 24-майда чыгарган токтомуна ылайык, Израил Газа тилкесиндеги Рафах шаарына чабуулун дароо токтотушу зарыл. Сот өз чечимин жайкын тургундарды коргоо чаралары жетиштүү түрдө көрүлбөй жатканы менен негиздеди. Түштүк Африканын өтүнүчү менен каралган чечимди 15 судьянын 13ү колдоп, экөө каршы добуш берди.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну, коргоо министри Йоав Галантты жана ошондой эле ХАМАС тобунун саясий лидери Исмаил Ханияны, топтун аскердик бөлүгүнүн командачысы Мухаммад Дейфти жана Газа секторундагы бөлүгүнүн башчысы Яхья Синварды камакка алууга ордер берүү маселесин карай турганы соттун расмий сайтындагы 20-майдагы маалыматта айтылган.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Бул сан күмөн жаратпай турганын БУУ да маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG