Бишкекте ысык суу берүү 1-июндан тарта жанданат

Бишкектеги жылуулук электр борбору. Архив

Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөргө, социалдык мекемелерге ысык суу берүү 1-июнунан тарта калыбына келет.

"Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы кабарлагандай, ысык суу алгач оорукана, бала бакча жана башка социалдык мекемелерге берилет.

Мекеме ысык суу чыгуу кечеңдеп, маселе жаралса керектөөчүлөрдү колдоо борборуна: (0312) 61-11-69, 1980, ( 0557) 611166, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66 телефондору аркылуу кайрылууга мүмкүн экенин маалымдады.

Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоо максатында быйыл Бишкекте ысык суу берүү 22-апрелден тарта токтотулган.

Ысык суу берүү жылуулук түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу жыл сайын бир айлык мөөнөткө токтотулуп келет.

Быйыл 2-февралда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болгон. Анын айынан электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, үч күндөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыкта беш адам жабыркап, абалы оор эки жумушчу Түркияга дарыланып келди. (ZKo)

Дагы караңыз

Зомбулуктан коргоо тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо талаш-тартыш менен коштолдуБУУ Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйыны учурунда Израил кайрадан Рафахка сокку урдуКайра шайлоо: үч округдан 35 киши талапкерликке арыз бердиЯнварь окуясы: Рузахуновдун иши боюнча Алматынын полиция кызматкери кармалды "АКШда өнөрүмдү өркүндөтүп, Кыргызстанга кайтам"