Жапаров аскерлердин жашоо-шарты жакшыра турганын айтты

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аскер кызматкерлерин жана ардагерлерди 29-май - Куралдуу күчтөрдүн майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчы Куралдуу күчтөр Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздугунун кепилдиги экенин белгиледи.

Куттуктоодо өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө олуттуу сыноо 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын учурунда болгонун белгилеп, "терроризмге каршы туруудагы тажрыйбабыз биздин өлкөнүн дүйнөлүк антитеррордук коалициянын ишмердигине чоң салым болуп калды" деп билдирди.

"Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн деңгээлин жогорулатуу үчүн заманбап курал-жарактуу, жогорку мобилдүү, кыска аралык ичинде минималдуу чыгым менен сырткы жана ички аскердик коопсуздукту чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар, аскер түзүмдөрүнүн арасында биримдикти жана ыкчам аракеттенүүнү бийик деңгээлде уюштуруу аракетин көрүп келебиз", - деп жазылган куттуктоодо.

Президент аскер кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо, алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоо-шартын жакшыртуу - мамлекеттин милдети экенин да белгиледи.

Эгемен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 1992-жылы негизделген. Ошондон бери 29-май өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн күнү катары белгиленип келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Грузия: Парламент менен президентти тирештирген мыйзамГаза: Израил аскерлери Рафахтын борборуна кирди "Ооруканага хижабчан кирүүгө болбойт". Тажикстанда "туура эмес" кийингендер айыпка жыгылат 1-июндан тарта Ошто "Коопсуз шаар" долбоору ишке киретБишкек: Ататүрк паркындагы тосмолор буздурула баштады11 журналисттин иши Ленин райондук сотуна жиберилди